Убактылуу комиссия институтун материалдык-техникалык базасы жана билим берүүнүн сапатынын абалы менен жеринде таанышып, жылуу пикирлерин билдиришти.

2026-жылдын 17-июнунда Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын №01-9/12 буйругунун негизинде – Шаар аймагындагы орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайларында билим берүүнүн сапаты жана материалдык-техникалык базасынын камсыз болушу боюнча жеринде көрүп чыгуу үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын курамы түзүлгөн. Түзүлгөн убактылуу комиссиянын курамына Токтомамбетова Ж.С.-депутат, комиссиянын төрагасы, Курманкулова Ж.-депутат, комиссиянын катчысы, Асаналиев Н.-шаардык Кеңештин депутаты, Кунасов М.-шаардык Кеңештин депутаты, Султанмуратов Б.-шаардык Кеңештин депутаты кирген. Убактылуу комиссия институтун материалдык-техникалык базасы жана билим берүүнүн сапатынын абалы менен жеринде таанышып, жылуу пикирлерин билдиришти.