![](https://abbi.kg/wp-content/uploads/2023/10/whatsapp-image-2023-10-11-at-15.40.25.jpeg)
“Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук”акциянын жүрүшүндө
Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун окутуучусу Маметалиева Назик Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2023-жылдын 19-сентябрындагы №318-б буйругунун негизинде жана “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” деген акциянын жүрүшүндө Пайыз-Булак айылынын тургуну Мураталиева Майрамга жолугуп, денсоолугу жана жашоо шарты менен таанышып келди. Жолугушуунун алкагында Майрам апага институттун профкомитети тарабынан азык-түлүк жана акчалай каражат берилди. Майрам апа институттун эалпы жамаатына жана студенттерине чоң каалоо-тилектерин айтып, батасын берди.