Заманбап китепканалар санариптик чөйрөдө
2026-жылдын 20-21-Апрелинде Илим жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан “Заманбап китепканалар санариптик чөйрөдө. Уюмдун жабык контурунда жасалма интеллект моделдерин колдонуу” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунан Абасбекова Жылдызкан Жолдошбековна катышып келди.
Иш чаранын негизги максаты: китепкана–маалыматтык ишмердүүлүктүү санариптик тансформациялоо, “ИРБИС” системасында жасалма интеллект технологияларын колдонуу жана заманбап санариптик чечимдерди практикада колдонуу маселелерин талкуулоо болду.
Иш-чарага Эл аралык деңгээлдеги адистер, анын ичинде ЭБНИТ ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасынан келген эксперттер катышты. Катышуучулар тарабынан китепкана ишиндеги инновациялар, санарип технологиялар жана жасалма интеллектти колдонуу боюнча актуалдуу темаларда баяндамалар жасалды. Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Аттокуров Элдар Эртабылдыевич менен жолугушуу болуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, тажырыйба алмашуу жана келечекте биргелешкен иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында биздин Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун ортосунда кызматташтык келишим түзүү маселеси каралып, өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди. Бул иш-чара адистердин кесиптик деңгээлин жогоруулатууга, ошондой эле китепкана тармагына заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.
