2026-жылдын 13-октябрында ИТЭИнин Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Ч. Акбарова, Таш-Көмүр аймактык колледжинин окуу-тарбия боюнча директордун орун басары К. Асранова, жатакананын коменданты Ж Айдаралиева жана Таш-Көмүр шаардык ИИББнүн кызматкерлери милициянын капитаны Сүйүнбек кызы Эльнура менен милициянын лейтенанты Журабаева Анара Равшанбековна студенттерге тарбия-таалим багытында түшүндүүрүү иштерин жүргүзүштү. Студенттерге кылмыштуулуктун алдын алуу, коопсуздук эрежелерин сактоо, баңгизаттарды колдонуунун жана жүгүртүүнүн терс кесепеттери боюнча таасирдүү баяндамалар болду. Жалпы жыйындан соң кыздарга коомчулуктагы терс көрүнүштөн сырткары болуу үчүн учурдагы кыздар арасындагы кылмыштуулуктун, зордук зомбулук боюнча далилдерди келтирип, жаштарды “Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, коомго кошкон үлүшүм”- деген көз караш менен жашоого үндөдү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты