1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн белгилөө.

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2023-жылдын 13-ноябрындагы №397-б сандуу “АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бир айлык акциясын жарыялоо жана 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн белгилөө жөнүндө” буйругу менен бекитилген иш-чаралар планын аткаруу максатында “Биз СПИДке карышыбыз” урааны астында жөө жүрүш жана 1- декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалар арасында  өткөрүлгөн  “Квест” оюнуна Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунан Кузобаев Нурис Жаныбекович, Алманбетов Айбек, Дуйшөбаева Элиза жана Ороскулова Күмүшай активдүү катышышып, диплом жана белектер менен сыйланышты. Институттун өзүндө кафедралар арасында дубал газеталардын көргөзмөсү уюштурулду.