“23-февраль Ата-Мекенди коргоо” күнүнө карата

2024-жылдын 22-февралында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда “23-февраль Ата-Мекенди коргоо” күнүнө карата студенттери жана эмгек жамааты майрамдык маанайды жогорку деңгээлде өткөрүштү. Айымдар тарабынан уюшулган каалоо-тилектер менен куттуктоолор жагымдуу ыр-күүлөр, кызыктуу оюндар менен коштолду. Иш чара институттун жаңы жасалган конференц залында уюштурулду.