“Илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жана илимий макалаларды жазуу” аттуу семинар өтүлдү

         Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда 2023-20-октябрында окутуучулар курамы жана студенттер үчүн п.и.к. Ж.С.Токтомамбетова жана улук окутуучу И.Р.Рыскулов тарабынан “Илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жана илимий макалаларды жазуу” аттуу семинар өтүлдү. Семинардын жүрүшүндө Жамилякан Сакибаевна илимий макаларларды жазуунун тартиби, талаптары жана кадамдары тууралуу кеңири презентациялады. Өзгөчө көңүл жана окутуучуларга жана студенттерге бурулуп, мисалдар менен тастыкталды. Ал эми Ильяс Рустанбекович тарабынан илимий макалаларды басмага берүүнүн тартиби, илимий басылмаларды издөө, окутуучулар үчүн индекс-Хиршаны кантип аныктоо жана катталуунун жолдору тууралуу кеңири баяндама берди.

       Семинардын алкагында студенттер жана окутуучулар үчүн институттун “Образование, наука и инновации” аттуу илимий-маалыматтык журналынын түптөлүшү,учурдагы абалы жана келечеги тууралуу да талкуу жүрдү.