ИТЭИнин «Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар» кафедрасында ИПД-1-21 тайпасынын студенттери үчүн окуу процессинин жадыбалына ылайык 2023-жылдын 18-сентябрдан 30-сентябрга  чейин 2 жумалык “Кесиптик -базалык” практика уюштурулган. Практиканын жыйынтыгын талкулоо жана баалоо боюнча кафедрада конференция уюштурулду. Негизинен студенттер практиканы  өтөө үчүн Таш-Көмүр шаарынын мектептерине бөлүнүшкөн. Конференциянын жүрүшүндө студенттер “Кесиптик -базалык” практика учурундагы аткарылган иштери боюнча маалымат беришип, жасалган иштери боюнча отчетторун коргошту. Отчеттун мазмунунда мектептеги ишмердүүлүк, окуучулар менен болгон мамиле, насаатчы мугалим менен иштөө, практикада окутуунун жаны усулдарын жана технологиялары менен таанышышып, сабакта колдонуунун көндүмдөрүнө ээ болуп келишти. Ошондой эле кафедарадан бекитилген окутуучулар да практикант-студенттердин ишмердүүлүктөрү менен жеринде таанышып, тынымсыз байланышта болуп турушту. Кафедрадан «Кесиптик – базалык» практиканын жетекчилери катары ИТЭИнин практика боюнча жооптуусу Бакиева Д.А., окутуучулар: Досматова Л.А. жана Орозалиева Н.С. бекитилген.