5-март Ак калпак күнү

Таш-Көмүр шаарында  5-март  Улуттук баш кийимдин  урматына  «Ак калпак» күнүн белгилешти. Таш-Көмүр шааарынын баардык ишканалары активдүү катышышты. Аны менен бир Инновациялык технологиялар жана энергетика институтуту катышты.

Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнда №825-VI токтому мене улуттук баш кийимдин маанисин сактоо, сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак куну официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5 март калпак куну байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.