Ачык эшиктер күнү-2026
2026-жылдын 20-апрелинен баштап Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда “Ачык эшиктер күнү-2026” өтүүдө. Бул ишчарага Таш-Көмүр шаарындагы жана жакынкы аймактардагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү катышууда. Иш чаранын негизги максаты – мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоого туура багыт берүү жана институттун сапаттуу билим берүүгө түзүлгөн материалдык-техникалык жана илимий-усулдук базасы менен тааныштыруу.
