Ала Тоонун падышасы – Ак илбирс

2024-жылдын 29-январында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 369 “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыгын жана Таш-Көмүр шаардык мэриясынын чыг.№01-14/132 катынын негизинде “Ала Тоонун падышасы – Ак илбирс” аттуу тегерек стол “Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасынын окутуучулары Нуркулова Гулзина жана Омуркулова Айсалкын тарабынан уюштурулду. Тегерек столдо ИТЭИнин ректору Т.Р.Барпыбаев башкы сөздү алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен тааныштырып, ак илбирстин улуттук символ деп таануунун маанилүүлүгүнө токтолуп өттү. Уюштуруучулар тарабынан видеоролик тартууланып, баяндама жасалды, викторина уюштурулуп, студенттердин арасында кызуу талкуу жүрдү.