Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү жана 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнү

Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү жана 17-ноябрь студенттердин эл аралык кунүнө карата 18- ноябрь күнү, Аймактык билим берүү институтунун жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин Таш –Көмүр инженердик педагогикалык факультетинин Жаштар комитети тарабынан уюштурулган майрамдык кече болуп өттү.

Майрамдык кечеде Таш –Көмүр шаардык мериясынын грамоталары жана АББИнин ректордук фондунан окуу жайдын өнүгүүсүнө чоң саламын кошуп келе жаткан мугалимдерге акчалай стипендиялар жана сертификаттар ыйгарылды.

Ошондой эле 17-ноябрь студенттердин эл аралык кунүнө карата АББИнин дене тарбия мугалими Жуманалиев Г.Н тарабынан студенттердин ден соолугун чыңдоо,алардын ынтымагын жана биримдигин бекемдөө максатында уюштурулган, окуу жайлар аралык спорттун “Волейбол” түрү боюнча кыздар балдар арасында мелдеш өткөрүлдү.

Мелдеште: Аймактык билим берүү институтунун (АББИ), Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультетинин (ТИПФ) жана Таш-Көмүр аймактык коледжинин (ТАК) командалары кез келип оюн кызуу болду.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, АББИ кыздар командасы I даражадагы диплом жана акчалай сыйлык, АББИ балдар командасы II даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланып жеңүүчү аталышты.