Баткен мамлекеттик университети менен келишим түзүлдү.

2024-жылдын 1-март күнүндө Инновациялык технологиялар жана энергетика институту менен Баткен мамлекеттик университетинин ортосунда  илимий-усулдук, маданий-спорттук, академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлдү. Баткен мамлекеттик университетинин ректору э.и.д., профессор Гыязов Айдарбек Токторович окуу жайлардын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында келечектеги кесип ээлерин окутууда жана тарбиялоодо бирдиктүү бир топ программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн белгилеп өттү. Ошондой эле Баткен мамлекеттик университети тарабынан  Заманбап кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө, Кара Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнө 100 жылдыгына жана Баткен облусунун 25 жылдыгына карата  “Сапаттуу билим – заманбап өнүгүүнүн руханий азыгы” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга институтубуздан п.и.к., доценттин м.а. Ж.С.Токтомамбетова жана окутуучу Л.Досматова катышып, баяндама жасашты. Конференциянын коноктору п.и.д, профессор Сияев Т.М., п.и.д., профессор Рыспаев С.К., п.и.д., профессор Сакеева С.С. менен жолугушуу болду.