Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө көнүл буруу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги  №237 “Кыргыз  Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өкөрүү жөнүндө” токтомун аткаруу жана Кыргыз Респуликасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык мээриясынын 2023-жылдын 20-ноябрындагы № 406-б “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө көнүл буруу жөнүндө” буйругунун негизинде төмөндөгүдөй иш чаралар уюштурулду:

  1. Ш.Сыдыкова 26-7 көчөсүнүн жашоочусу Омуркулова Айгерим  Замирбековнага жаңы жылдык белек жана 2000 (эки мин сом );
  2. Таш-Көмүр шаарындагы Бала кезинен майыптарды колдоо жана өнүктүрүү борборуна 6000 (алты миң сом) өлчөмүндө институт тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы Бала кезинен майыптарды колдоо жана өнүктүрүү борборун жетекчиси Валиева Клара Карамовна менен институттун ректору Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович  жолугушуп, кеңири маалымат алмашуу менен институттун атынан  “Ыраазычылык кат” тапшырылды.