![](https://abbi.kg/wp-content/uploads/2023/09/img_5147.jpg)
“Экономика” багытынын бүтүрүүчүлөрүнө Жогорку кесиптик билими жөнүндөгү мамлекеттик документти – дипломду тапшыруу иш-чарасы өттү.
Инновациялык технологиялар жана энергетика институ тунда 2023-жылдын 9-сентябрында “Экономика” багытынын бүтүрүүчүлөрүнө Жогорку кесиптик билими жөнүндөгү мамлекеттик документти – дипломду тапшыруу иш-чарасы өттү. Дипломду тапшырууда институттун ректору х.и.к. Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович кесип ээлерине ийгиликтерди каалап, институт менен дайыма тыгыз байланышта болууга жана алар менен сыймыктана тургандыгын билдирди. Бүтүрүүчүлөрдүн 60% ашыгы учурда жумуш менен камсыз болгон.