“Экономика” багытынын бүтүрүүчүлөрүнө Жогорку кесиптик билими жөнүндөгү мамлекеттик документти – дипломду тапшыруу иш-чарасы өттү.

    Инновациялык технологиялар жана энергетика институ  тунда 2023-жылдын 9-сентябрында “Экономика” багытынын бүтүрүүчүлөрүнө Жогорку кесиптик билими жөнүндөгү мамлекеттик документти – дипломду тапшыруу иш-чарасы өттү. Дипломду тапшырууда институттун ректору х.и.к. Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович кесип ээлерине ийгиликтерди каалап, институт менен дайыма тыгыз байланышта болууга жана алар менен сыймыктана тургандыгын билдирди. Бүтүрүүчүлөрдүн 60% ашыгы учурда жумуш менен камсыз болгон.