Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүнд

Инновациялык технологиялар жана энегетика институтунда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 6-февралындагы “Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүндө” №182/1 буйругун жетекчиликке алуу менен төмөндөгүдөй иш-чаралар белгиленди:

  1. 2024-жылдын 7-февралынан 17-февралына чейин “Эл аралык эне тил күнүнө” карата иш-чаранын планы түзулүп, бекитилди
  2. Бекитилген иш-чаранын планына ылайык атайын “Эл аралык эне тил күнүнө” карата атайын бурч уюштурулду
  3. 2024-жылдын 16-февралында институтта “Эл байлыгы-эне тил” аттуу тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү

Бул иш-чара институттун “Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасынын окутуучулары Чынара Акбарова жана Айзада Мырзабекованын жетекчилиги менен өткөрүлдү.