Energy Expo Kyrgyzstan – ШКУ 2026

2026-жылдын 17-18-июнь күндөрү Бишкек шаарында уюштурулган ШКУнун алкагында өтө турган Эл аралык энергетикалык көргөзмө “Energy Expo Kyrgyzstan – ШКУ 2026” өтүүдө. Аталган көргөзмөгө Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун улук окутуучусу Жуманалиева Мээрим катышууда. Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында Бишкек шаары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн энергетикалык кызматташтыгын талкуулоо жана өнүктүрүү үчүн негизги эл аралык аянтчага айланат.
Көргөзмөгө төмөнкүлөр катышат:
– Энергия өндүрүүчү жана энергия менен камсыздоочу компаниялар;
– Энергетикалык жабдууларды жана электротехниканы өндүрүүчүлөр;
– Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча компаниялар (күн, шамал, гидроэнергетика)
– Энергияны топтоо жана сактоо тутумдарын өндүрүүчүлөр
– Энергетика тармагындагы санариптештирүү жана жасалма интеллект боюнча иштеген компаниялар
– Инжинирингдик, долбоорлоо жана технологиялык компаниялар
– Тармактык ассоциациялар жана кесиптик бирликтер
– ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук павильондору
Бул аянтчада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жана өнөктөш мамлекеттердин алдыңкы компаниялары менен уюмдарынын өкүлдөрү жолугушат.
Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана «BiExpo» көргөзмө компаниясы.
Көргөзмөнүн башкы өнөктөштөрү:
Түркиянын «Ihlas Holding» компаниясы жана «Орта Азия Инвестмент Холдинг» ачык акционердик коому.