“Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” аталышындагы жыйын болуп өттү.

2023-жылдын 6-декабрында Б.Осмонов ат. ТИПФнын актовый залында Таш-Көмүр шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” аталышындагы жыйын болуп өттү. Жыйынга Таш-Көмүр шаарынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Алимбекова Айчүрөк институттун, факультеттин жана колледждин студенттерине баяндама жасап, аны талкууга чакырды. Ошондой эле жыйынга Таш-Көмүр шаарынын Аялдар кеңешинин төрайымы Умбеталиева Кадича Акматовна, Таш-Көмүр шаарынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Багышбеков Жанышбек, Таш-Көмүр шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунунан Качыбекова Гулназ, Таш-Көмүр шаарынын билим берүү бөлүмүнөн Жээналиева Элвира, Таш-Көмүр шаарынын ички иштер бөлүмүнөн кенже лейтенант Рысбек уулу Элесбек жана шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Исабеков Уларбек катышып, кызуу талкуу жүрдү