“Илим менен Билимге көпүрө тил, Көкөлөткөн адамды тили деп бил” аталышындагы көргөзмө бурч уюштурулду.

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 34 жылдыгына карата “Илим менен Билимге көпүрө тил, Көкөлөткөн адамды тили деп бил” аталышындагы көргөзмө бурч уюштурулду.

Ошондой эле “Эне тил биздин энчибиз, эч бөксөрбөс кенчибиз” аттуу адабий кече өткөрүлдү. Адабий кечеде Мамлекеттик тилибизди даңазалоо, тилибиздин учурдагы абалы жана келечеги, тил катары сакталышынын зарылчылыгы, кыргыз элинин каада-салты менен үрп-адаттары тууралуу ырлар, учкул сөздөр көркөм окулду.

Институттун илим жана тышкы байланыштар боюнча проректор п.и.к. Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна да өз сөзүндө мамлекеттик тилдин баалуулугуна,  улуулугуна токтолуп катышуучуларды куттуктап кетти.

“Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасынын окутуучусу Акбарова Чынара Эсенбаевна тарабынан “Тил элдин байлыгы жана учурдагы баалуулугу” деген аталыштагы баяндама жасалып, катышуучулардын арасында кызуу талкуу жүрдү.

Институттун күндүзгү окуу бөлүмүнүн тайпалары арасында дубал газеталарына сынак жарыяланып, активдүү тайпалар аныкталып, баалуу белектер берилди.