Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

АЛАС, АЛАС, АЛАС !!!

Ар балээден калас!

Жер жарылып көк чыксын.

Желин айрылып сүт чыксын.

Дасторконубуз нанга толсун.

Кырманыбыз данга толсун.

Бак карысын. Кыдыр даарысын.

Кирип келген жаңы жылыбыз жалгасын!!!

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш чаранын башталышында институттун негиздөөчүсү профессор Сооронбаев Манасбек Раишбекович жамаатка жакшы каалоо-тилектерин айтып, ийгиликтерди каалап кетти. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды жана маданиятты даңазалоо, кыргыздын нарктуулугун көтөрүү жана каада-салттын сактоого арналган көркөм ырлар окулуп, ырлар ырдалып, оюндар уюштурулду. Ошондой эле активдүү катышуучуларга баалуу белектер берилди.