Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда  залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине карата конкурстук иш чара болуп өттү.

2023-жылдын 11-декабрында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда  залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине карата 3 айлык иш чара жарыяланган. Иш чаранын жүрүшүндө студенттердин демилгеси менен жазуучунун чыгармаларын чагылдырган ар кандай макеттерди жана түстүү дубал гезиттерди жасап, окуу жайдын фойесине коюшту.

Институттун “Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасынын окутуучу Чынара Акбарованын уюштуруусу менен “Айтматовдун ааламына саякат” аттуу “Акыл ордо” интеллектулдык таймаш болуп өттү. Таймашка “ Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасынан “ Ак- кеме” командасы, “Электроэнергетика жана электротехника” кафедрасынан “Гүлсарат” командасы,  “Экономика” кафедрасынан “ Жамийла” командалары катышты. Таймаш алты тур менен өттү, жыйынтыгында биринчи орунга “Ак- кеме” командасы, экинчи оруга “Гүлсарат” командасы, ал эми үчүнчү орунга “Жамийла ” командасы татыктуу болуп, ИТЭИнин 1-2-3 даражадагы дипломдору менен сыйланышты.