Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун 550700 Педагогика багытындагы студенттерге “Адаптациялык-педагогикалык” практикага чыгууга карата конференция өткөрүлдү

ИТЭИнин “Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасында ИПД-1-21 тайпасынын студенттери үчүн 2023-жылдын 3-апрелинен 22-апрелине чейин 3 жумалык “Адаптациялык-педагогикалык” практикага Таш-Көмүр шаарынын жана жакынкы аймактарындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерине (Аксы, Ноокен, Токтогул жана Ала-Бука райондоруна) чыгуу үчүн конференция уюштурулду.

Конференция өткөрүүнүн негизги максаты: окуу жайдан алган теориялык билимдерин практика менен айкалыштуруу, практиканын маанилүүлүгүн түшүнүү жана талдоо жүргүзүүнү үйрөнүү. Конференция учурунда жетекчилер студенттерге  бул практика алар үчүн алггачкы экендигин белгилешип, бөлүнгөн мектептерге белгиленген иш-чараларды аткаруунун жолдорун, жүрүм–турум, мектептердеги ички тартиптин эрежелерин сактоону айтышты. Практика учурунда күндөлүк жана отчетту туура жазуунун талаптары менен тааныштырышты.   Жыйынтыгында студенттер практикага берилген жолдомолорду алышты. ИТЭИнин практика боюнча жооптуусу Д.А. Бакиева бардык студенттерге практиканын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.

“Адаптациялык-педагогикалык “ практикага бөлүнгөн жетекчилер:  солдон оңго карай  окутуучу Сооронбаева Г.М., улук окутуучу  Бакивалиева К., окутуучу Досматова Л.А., “ПГД” каф.башчысы Мырзабекова А.Ы.

ИТЭИнин практика боюнча жооптуусу Бакиева Д.А. студенттерге практика боюнча көрсөтмө-түшүндүрмө берүүдө

Студенттерге күндөлүк жана жолдомлор тапшырылды