Интеллектуалдык менчик рыногу аркылуу инновациялык өнүгүү
2026-жылдын 23-апрели БУУнун алдындагы интеллектуалдык менчикке арналган Эл аралык күндөрдүн алкагында «Интеллектуалдык менчик рыногу аркылуу инновациялык өнүгүү» аттуу XVII Эл аралык форум болуп өттү.
Форумдун уюштуруучулары: ЕПВ, ЕАПО, РАН, АЮР, РНИИС, О.Е. Кутафин атындагы МГЮА. Форум БУУнун БИС, ШКУ, КМШ Аткаруу комитети, ЕАЭБнын ЕЭК, Россиянын ТИМ жана Россотрудничество тарабынан колдоого алынып, «Улуу Евразиялык өнөктөштүк» өлкөлөрүнүн, анын ичинде ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана БРИКС өлкөлөрүнүн делегацияларын чогултту.
Бишкек шаарында «Интеллектуалдык менчик экономикасын өнүктүрүү үчүн инновациялык инфраструктура» темасындагы XVII Эл аралык форумдун алкагында 7 региондук сессиясы болуп өттү.
Бул форумдун максаты: интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу.
Форум Кыргызстандан келген төмөнкү катышуучулардын катышуусунда онлайн жана оффлайн форматта уюштурулду. Форумду Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин инновациялар бөлүмүнүн башчысы – Алымбеков Айдар Бакытович алып барды. Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим жана инновациялар министринин орун басары Мамыров Азиз Джекшенбекович куттуктоо сөзү менен чыгып, иш чаранын жүрүшүнө ийгиликтерди каалады. Форумга өз баяндамалары менен т.и.д., профессор, Эл аралык инженердик академиянын академиги, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери Оморов Роман Оморович, Б.Н. Ельцин ат. Кыргыз-Орус Славян университети, И.Раззаков ат. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, М. Рыскулбеков ат. Кыргыз экономикалык университети, Б. Сыдыков ат. Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун өкүлдөрү катышышты.
Биздин институттан ага окутуучусу Рыскулов Ильяс Рустанбекович «Интеллектуалдык менчик экономикасы инновациялык өнүгүүнүн жана инновациялык инфраструктураны калыптандыруунун фактору катары» аттуу темада баяндама жасады.
