Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун “Электроэнергетика” кафедрасынын күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери Таш-Көмүр шаарында курулуп, ишке берилген күн электр станциясында экскурсияда болушту. Жаңы күн электр станциясы (жалпы кубаттуулугу 30 МВт) 2026-жылдын август-сентябрь айларында расмий түрдө ишке кирди. Бул объект Жалал-Абад облусундагы алгачкы ири күн энергетикалык долбоорлорунун бири болуп, долбоорду «GRK Solar Energy» компаниясы ишке ашырган. Станция учурда күн нурунан таза электр энергиясын иштеп чыгып, жалпы тармакка бере баштады. Студенттерди күн электр станциясы менен долбоордун менеджеринин жардамчысы Бекастан Эргешбаев тааныштырып чыкты.