ИТЭИ нин жалпы студенттерине «Алардын эрдиктери Кыргызстандын жүрөгүндө түбөлүккө жашайт!» аталыштагы темада ачык сабак өтүлдү.

Ачык сабакта Т.Тайгараевдин басып өткөн жолу жана жасаган эрдиктери жөнүндө ЭЭ кафедрасынын улук окутуучусу М.Жуманалиева тарабынан баяндама жасалды. Эске салып улуу жеңиш күндөрдү.
Кыргындагы бомба, снаряд, үндөрдү.
Фашисттерди артка карай чегинтип,
Чабуулдардын арасында жүргөндү.
Жеңиш күңү жашчылыгым ойгонуп,
Баалап турам Мекенимди сүйгөндү.
Эске салып кан дайрадай акканды,
Баатырлардын жер кучактап жатканын.
Фашисттердин жырткычтыгын ашынып,
Партизанды жол боюна асканын.
Элди кырган, согуш отун өчүргөн,
Фронт, согуш биримдигин айтамын.

             Ата Журт – ата-бабалар жашап өткөн жер. Ата Мекен – эч нерсеге алмаштыргыс касиеттуу ыйык жер. Аны көз карегиндей сактоо ар бир жарандын ыйык милдети.
Экинчи дүйнөлүк согуш адамзаттын өзүн-өзү жок кылуу мүмкүнчүлүгүн көргөздү. Бул согуштун тарыхый мааниси үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбоосунда жатат. Бирок…
Бирок, ага карабастан, адам баласы ачык физикалык жок кылуунун ордуна дүйнөлүк басып алуучулук саясатын маалыматтык технология менен ишке ашыруу формасына өткөрдү.
Бүгүнкү муун менен ата мекендик согуш убагындагы биздин аталарыбызды жана жердештерибизди бир гана нерсе байланыштырат, ал – Ата Журт эл үчүн болгон сүйүү сезими. Эгер биз, азыркы муун, Кыргыз эли жана жери үчүн аталарыбыздыкындай дымактуу сезимди, жалындаган от жүрөктү, чынчыл-берилгендикти, тайманбаган эрктүүлүктү жана кайратман-кайтпастыкты жоготсок, эгер биз ушул салттык сезим, мүнөзүбүздү өзүбүздөн суутуп алсак, анда биз бул дүйнөгө бекер келдик.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын максаты: Баатырлардын эрдиктери унутулгус экендигин даңазалоо,алардын аты өчпөй тургандыгын түшүндүрүү менен Ата Мекенди коргоого, Кыргызстандын келечегине салым кошо турган татыктуу инсандарды тарбиялоо.