Карысы бардын – ырысы бар

1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата ИТЭИнин эмгек жамааты Кызыл-Жар айылынын ардактуу тургуну Матмусаева Акбермет апанын үйүнө барып, майрамы менен куттуктап кайтты. Акбермет апанын батасын алып, абалын сурап, шириндиктерибизди тартуулап, дары-дармегине колдонсун деп аз да болсо көмөк көрсөттүк. Апа биздин келгенибизге абдан кубанып, жылуу жүзү менен тосуп алып, өткөн өмүр жолунан, жашоо тажрыйбасынан кызыктуу эскерүүлөрдү айтып берди. Улуулар – элибиздин алтын казынасы, тарыхыбыздын тирүү күбөсү. Алар өмүр бою эмгектенип, балдарын тарбиялап, урпактарын өстүрүп, бизге адеп-ахлак, ыймандуулук, сыпайычылык жана жакшы адам болуунун үлгүсүн калтырышты. Ак сакалдуу ата, ак жоолуктуу эне бар үйдүн берекеси кетпейт. “Карысы бардын – ырысы бар” дегендей, карыларыбыз – биздин кут-берекебиз. Алардын ар бир сөзү – насаат, ар бир батасы – коргон! Аларды сыйлоо, кабарын алуу, камкордук көрсөтүү – ар бир адамдын парзы жана милдети. Акбермет апа, ден соолукта болуңуз! Сиздин узак өмүрүңүз, бата-тилегиңиз биздин жамаатыбызга дайыма жолдош болсун. Үйүңүздө дайыма береке, көңүлүңүздө тынчтык болсун. Сизге терең таазим!