Каржы министрлигинин III-Республикалык олимпиадасы

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Каржылык чалгындоо Мамлекеттик кызматына караштуу окуу борбору жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2024-жылдын 26-28-мартында уюштурулган  Каржылык коопсуздук боюнча III-Республикалык олимпиадага институттан  Юмакаева Камилла – ИЭК-1-22 тайпасынын студенти, Манасбеков Эрмек Манасбекович менен Асхат кызы Сайкал – ИЭК-1-21 тайпасынын студенттери катышып келишти. Студенттерди бул олимпиадага даярдоого институттун “Экономика жана информатика” кафедрасынын окутуучуларынын эмгектери зор болду.

III-Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Юмакаева Камилланын командалык тобу 3-орунга ээ болсо, Манасбеков Эрмек Манасбекович РСК банктын филиалдарында практика өтүүгө жана стажировкада болууга жолдомо алды. Бул жолдомо келечекте кесиби боюнча иштөөгө чоң өбөлгө болот.

III-Республикалык олимпиада Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын базасында уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Каржылык чалгындоо Мамлекеттик кызматына караштуу окуу борбору тарабынан Инновациялык технологиялар жана энергетика институтуна “Ыраазычылык кат” берилди.