Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.

2024-жылдын 19-апрелинде Инновациялык технологиялар жана энергетика институту менен Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков ат. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү. Келишимдин алкагында жогорку окуу жайлар ортосунда окуу-усулдук, илимий, маданий массалык жана спорттук иш чараларды биргеликте өткөрүү, кызматкерлердин жана студенттердин ортосунда академиялык мобилдүүлүктү жүргүзүү, профессордук-окутуучулар курамынын илимий-усулдук иштерин жайылтуу багытында кеңири баарлашуу болду.

Батыралы Сыдыков ат. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдибает Асанович өз сөзүндө, окуу жайлар ортосундагы кызматташуу келечек муундардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө зор өбөлгө боло тургандыгын белгилеп кетти.