“Кыргыз элинин сыймыгы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык” маарекесине арналган адабий кече

  2023-жылдын 12-декабрында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Кыргыз элинин улуу жазуучусу, элибиздин сыймыгы, коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдык маарекесине карата “Кыргыз элинин улуу жазуучусу жана сыймыгы” аттуу адабий кече өткөрүлдү.

                   Адабий кечени ачып берүү үчүн ИТЭИнин илим жана тышкы байланыштар боюнча проректору, п.и.к., доцент Токтомамбетова Ж.С. жана  институттун I-проректору, э.и.к. Күзөбаев Н.Ж куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, кеченин жүрүшүнө ийгилик каалашты.

                   Кечеге Таш-Көмүр аймактык колледжинин студенттери да конок катары чакырылып, өздөрүнүн өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, Чыңгыз Айтматовдун  “Биринчи мугалим” жана “Саманчынын жолу” повесттеринен үзүндү алынып, даярдалган сахналык көрүнүштөр чагылдырылды. Адабий кече кыргыз элинин мукам үндүү музыкаларынан даярдалган бийлер менен коштолду.

Кеченин жүрүшүндө Чыңгыз Айтматов жөнүндө “Менин сүйүктүү жазуучум Айтматов” деген темада ИПД-1-22 тайпасынын студенти Аманчураева Асылай баяндама жасады. Ошондой эле жазуучуга арналган ырлардан көркөм окулуп, обондуу ырлардан “Ойлойсуңбу” РЯЛ-1-23 тайпасынын студенти Арыкбаева Гулиза, “Махабат сыры”  ИПД-1-22 тайпасынын студенти Аманчураева Асылай, РЯЛ-1-23 тайпасынын студенти Арыкбаева Гулиза  жогорку деңгээлде аткарышты.

                            Чыңгыз Айтматов жөнүндө атайын даярдалган суроолор залдагы көрүүчүлөргө берилип, жооп берген студенттерге жана окутуучуларга сыйлыктар берилди.