АБДУМОМУНОВ  ТОКТОБОЛОТ (1922, Кемин р-ну  –  1989)  –  драматург. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири. Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1972), Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдумомуновдун ысымы менен кыргыз драматургиясынын  өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү  күндөгү  жетишкен деңгээли ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде” олуттуулук менен баяндаган.

Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө  ээ, типтештирилген каармандардын тобун жараткан. Алгачкы пьесалары: «Кумдуу чап” (1946), «Замандаштар” (1948), «Курман” (1950) ж. б. Ал 50-жылдары жазган «Борбаш”, «Тар капчыгай”, «Атабектин кызы”, «Ашырбай” пьесалары автордун орус жана дүйнөлүк драматургия  өнөрүнүн жетишкендиктерин  өздөштүргөнүн айкындап, турмуштук материалды көркөм чагылтуунун улуттук салттарын жаңылоо, жаңы формалар менен ыкмаларды издөө  боюнчача белгилүү  ийгиликке жеткенин көрсөттү. «Абийир кечирбейт” (1962), «Каркыралар кайтканда” (1965), «Сүйүү  жана  үмүт”, «Бюро жүрүп  жатат” (1968), «Жыгылган ооганга күлөт” (1968). «Жарыктык карыларым” (1980) ж. б. пьесаларында актуалдуу моралдык маселелер көтөрүлгөн. «Жүкөш” (1940, 1959, 1974), «Сүйүү жана үмүт” (1966), «Тандалган чыгармалар” (1973), «Ашырбай” (1980), «Пьесалар” (1982) аттуу китептери жарыкка чыккан.

Булак: http://students.com.kg/?p=312