«Мыкты тайпанын» унутулгус сапары

ИТЭИнин 2026-жылдын 26-сентябрында «Мыкты тайпа» номинациясынын ээси болгон «Экономика жана информатика» кафедрасынын ИЭК-1-24 тайпасынын студенттери окутуучулары менен биргеликте Ош-Өзгөн шаарларындагы тарыхый жана маданий жайларга таанышуу үчүн өзгөчө сапарга чыгышты. Сапардын алгачкы багыты байыркы тарыхы менен өзгөчөлөнгөн Өзгөн шаары болду. Студенттер Өзгөндүн тарыхый эстеликтери менен таанышып, ата-бабалардан калган баа жеткис мурастын тарыхтагы орду тууралуу маалымат алышты. Айрыкча, кылымдарды карыткан Өзгөн архитектуралык-археологиялык комплекси, тарыхый мунарасы жана күмбөздөрү студенттердин өзгөчө кызыгуусун жаратты. Байыркы архитектуранын сырларын көрүү менен студенттер тарых китептеринен окуган маалыматтарды көзү менен көрүп, тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Андан соң саякат Ош шаарына уланып, студенттер Кыргызстандын түштүгүнүн маданий борбору болгон байыркы Ош шаарынын тарыхы жана көркөм мурастары менен жакындан таанышышты. Сулайман-Тоо баштаган тарыхый-маданий жайлар студенттерге ата-бабалардын басып өткөн жолун, улуттук нарк-насилди жана элибиздин бай руханий дүйнөсүн дагы бир ирет сездирди. Бул сапар жөн гана саякат болбостон, студенттер үчүн тарыхты таанып-билүүнүн, мекенди сүйүүнүн жана улуттук мурасты баалоонун маанилүү сабагы болду. Окутуучулар менен студенттердин биргелешкен сапары өз ара достукту бекемдеп, тайпалык ынтымакты арттырууга да өбөлгө түздү. ИЭК-1-24 тайпасынын студенттери «Мыкты тайпа» наамына татыктуу болуу менен бирге билимге, маданиятка жана тарыхка кызыккан, коомдук иш-чараларга активдүү катышкан жаштар экендигин дагы бир ирет далилдешти.