Насиридин Исановдун 80 жылдыгына карата иш чара өткөзүлдү.

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри, саясий ишмер, бир нече илимий эмгектердин автору, экономикалык илиминин кандидаты, Кыргыз Республикасынын баатыры, “Ак шумкар” өзгөчө белгиси, “Эмгек Кызыл-Туу ”, “Ардак белгиси” ордендеринин ээси, СССР инженерия академиясынын академиги, куруучу Насиридин Исановдун 80 жылдыгына карата иш чара өткөзүлдү.

Иш чарада илим сапат жана тышкы байланыштар боюнча проректор п.и.к., доцент Ж.С.Токтомамбетова жана “ПгД” кафедрасынын башчысы улук окутуучу И.Р. Рыскуловторго сөз берилип,  Н.Исановдун кылган эмгектерин баса белгилеп, Кыргыз Республикасы үчүн көптөгөн иштерди жасагынын эгемендүүлүгүбуздү алгандан кийин алгачы премьер- министр болгонун айтып өтүштү.

Окуу жайдын жалпы окутуучулары жана студенттери тарабынан  Насиридин Исановдун өмүр баяны, эмгектери, ийгиликтери боюнча доклад жасалып, ырлары окулуп, видео роликтер көрсөтүлдү. Окуу жайдын фоэсинде көргөзмө бурч уюштурулду.