“Билим берүүнүн сапатын көтөрүүдөгү заманбап технологиялар”
2024-жылдын 5-ноябрында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Таш-Көмүр шаарынын 80 жылдык маарекесине жана Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Билим берүүнүн сапатын көтөрүүдөгү заманбап технологиялар” аттуу илимий -практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияда Таш-Көмүр шаарынын 1-вице-мэри Мырзабеков Талант Абдыбекович, Таш-Көмүр шаарынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Багышбеков Жаныш, Таш-Көмүр шаарынын Аялдар кеңешинин төрайымы Умбеталиева Кадича Акматовна, Таш-Көмүр Аймактык колледжинин директору Дуйшенов Канат Раимбекович, Таш-Көмүр шаарынын №111 кесиптик лицейинин директорунун м.а. Джоошбаева Куляра, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин усулчусу Кенжекулова Карамат Назимовнадан турган коноктор өз куттуктоо сөздөрүндө илимий-практикалык конференциянын жүрүшүнө ийгиликтерди каалап кетишти. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын №7 К. Күзембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Шабданова Нүргүлгө, №3 Тоголок Молдо ат. жалпы билим берүүчү орто мектебинин география мугалими Арстанкулова Паризат Өктамбековнага, №1 Н.Островский ат. жалпы билим берүүчү орто мектебинин биология мугалими Дайырбек уулу Манаска, Б.Осмонов ат. ЖАМУ ТИПФдан Нурматова Гүлшайыр, Турдубаева Мастура, Нарбаева Гулбара эжекелерге, Таш-Көмүр аймакттык колледжинен Тагаев Сардабекке жана Асранова Канышайга конференциядагы активдүүлүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.