Тилибиз өнүксүн, билимдүү жаштарыбыз көбөйсүн!

2026-жылдын 23-сентябрында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрам быйылкы бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү “Бакалавр” квалификациясын тастыктаган диплом тапшыруу аземи менен айкалышып, студенттер үчүн эсте калаарлык маанай тартууланды. Иш-чарада студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа шаңдуу ыр-бийлер менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.
Майрамдын алкагында эки сынактын жыйынтыгы чыгарылды:

Мыкты дубал гезит” сынагы:
 1-орун – ИЭЭ-25 тайпасы
 2-орун – ИПД 1-24 тайпасы
 3-орун – ИЭЭ-1-24 тайпасы

“Мыкты тайпа” номинациясы:*
 1-орун – ИЭК-1-24 тайпасы – 50 000сом сыйлык, куратору Тагаева Б.А. – 2000 сом сыйлык
 2-орун – ИЭК-1-25 тайпасы – 3000 сом сыйлык, куратору Курбанкулова Д. – 1500 сом сыйлык
 3-орун – ИЭЭ-1-24 тайпасы – 2000 сом сыйлык, куратору Ороскулова К.Д. – 1000 сом сыйлык

Бардык жеңүүчүлөргө ИТЭИнин ректору, х.и.к., доцент Т.Р.Барпыбаев, п.и.к.. доцент Токтомамбетова Ж.С., Мамлекеттик тил жана социалдык маселелер боюнча бөлүм башчы Акбарова Ч.Э. өз каалоо-тилектерин айтып, 1-2-3-даражадагы дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырды. Бардык жеңүүчүлөрдү жана бүтүрүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ак жол силерге, бүтүрүүчүлөр!
Тилибиз өнүксүн, билимдүү жаштарыбыз көбөйсүн!