«Научные Публикации» басылмасы менен кызматташуу боюнча меморандум түзүлдү.

2023-жылдын 23-мартында «Научные Публикации» басылмасынын негиздөөчүсү Пилипенко Денис Сергеевич менен Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун ректору х.и.к. Барпыбаев Турдумамбет Рысбековичтин ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүлдү.

Меморандумдун алкагында институттун профессордук  окутуучулар курамына  Scopus, Web of sciense  илимий басылмаларга илимий макалаларды жарыялоого көмөктөшүү, илимий такшалтмалардан өткөрүү, туруктуу маалыматтар менен алмашуу каралган.

Ошондой эле бул иш-чарага  Эл аралык инновацияллык  технологиялар университетинин ректору т.и.д. Бегалиев Улугбек Турдалиевич, Ала-Тоо Эл аралык университетинин ректору х.и.к. Эрдолатов Санжарбек Сайпидинович, Ала-Тоо Эл аралык университетинин илимий иштери боюнча проректору п.и.д., профессор Калдыбаев Салидин Кадыркулович катышты.