Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен келишим түзүлдү.

   

                       2024-жылдын 15-март күнүндө Инновациялык технологиялар жана энергетика институту менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда  илимий-усулдук, маданий-спорттук, академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлдү. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору п.и.д., профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович окуу жайлардын ортосундагы келишим студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө, окуу-тарбия иштерине, мобилдүүлүгүнө жана кесипкөй адис болушуна зор таасирин тийгизерин белгиледи. Ал эми институттун ректору х.и.к. Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович педагогикалык багыттагы студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын катышуусунда мобилдүүлүк жүрүп жаткандыгына токтолуп, ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун алкагында ОшМПУнун иштеп жаткан жаңы имаратына саякат жасалып, университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышуу жүрдү.