Педагогика багытындагы ИПД-1-21 тайпасынын студенттерине “Адаптациялык-педагогикалык” практикага чыгууга карата конференция өткөрүлдү.

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун 550700 Педагогика багытындагы ИПД-1-21 тайпасынын студенттерине “Адаптациялык-педагогикалык” практикага чыгууга карата конференция өткөрүлдү.

      Конференция өткөрүүнүн негизги максаты: окуу жайдан алган теориялык билимдерин практика менен айкалыштуруу, практиканын маанилүүлүгүн түшүнүү жана талдоо жүргүзүүнү үйрөнүү. Конференция учурунда жетекчилер студенттерге  бул практика алар үчүн билимди бекемдөөчү экендигин белгилешип, бөлүнгөн мектептерге белгиленген иш-чараларды аткаруунун жолдорун, жүрүм–турум, мектептердеги ички тартиптин эрежелерин сактоону айтышты. Практика учурунда күндөлүк жана отчетту жазуунун талаптары менен тааныштырышты. Жыйынтыгында студенттер практикага берилген жолдомолорду алышты. ИТЭИнин практика боюнча жооптуусу Д.А. Бакиева бардык студенттерге практиканын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.