“Педагогика” багытынын бүтүрүүчүлөрүнө Жогорку кесиптик билими жөнүндөгү мамлекеттик документти – дипломду тапшыруу иш-чарасы өттү.

        Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда 2023-жылдын 2-сентябрында “Педагогика” багытынын бүтүрүүчүлөрүнө Жогорку кесиптик билими жөнүндөгү мамлекеттик документти – дипломду тапшыруу иш-чарасы өттү. Дипломду тапшырууда институттун ректору х.и.к. Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович кесип ээлерине ийгиликтерди каалап, институт менен дайыма тыгыз байланышта болууга жана алар менен сыймыктана тургандыгын билдирди. Быйылкы окуу жылында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтун 135 бүтүрүүчү аяктады. Бүтүрүүчүлөрдүн 60% ашыгы учурда жумуш менен камсыз болгон.