Педагогка илимдердин доктору, профессор Сияев Таштанбек Моңолдорович тарабынан “Педагогдун  кесиптик компетенттүүлүгү” жана “Педагогдун  коммуникативдик  компетенттүүлүгү” аттуу темаларда тренинг өткөрүлдү.

      2023-жылдын 4-5-6-октябрь күндөрү Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда педагогика илимджеринин доктору, профессор Сияев Таштанбек Моңолдорович тарабынан “Педагогдун  кесиптик компетенттүүлүгү” жана “Педагогдун  коммуникативдик  компетенттүүлүгү” аттуу темаларда тренинг уюштурулуп өтүлдү. Тренигдин журүшүндө студенттер менен профессордук-окутуучулар курамы рефлексия, мотив, эмоция, эмпатия, харизма, креативдүүлүк, өзүн-өзү баамдоо, коммуникативдик процесстер тууралуу кеңири түшүнүк алышып, аларды колдонуудагы методдор жана технологиялар таанышышты. Тренингди аягында активдүү катышуучуларга сертификаттар берилди. Институттун жамаатынын атынан Сияев Т.М. ыраазычылык кат тапшырылды.