Ректордук фондунун эсебинен сыйланышты .

2023-жылдын 25-26-майында Бишкек шаарында ЖОЖдор арасындагы жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясында III – орунду ээлеген ИЭЭ-1-21-тайпасынын студенти Курсантбек уулу Аязбекке 2000 (эки миң) сом, илимий жетекчиси улук окутуучу Жуманалиева Мээримге 1000 (миң) сом менен  сыйланышты.

 

2023-жылдын 27-майында Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагындагы Университеттер аралык X студенттик олимпиадада “Эканомика” предмети боюнча I- орунду ээлеген ИЭК-1-21 тайпасынын  студенти Манасбеков Эрмекке 3000 ( үч миң) сом, даярдаган улук окутуучу Тагаева Букадичага 1000 ( миң) сом менен  сыйланышты.