Студенттер арасындагы спорттук спартакиада болуп өттү

2024-жылдын 16-17-аперель күндөрү Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун студенттери Б.Осмонов ат. ЖАМУ ТИПФда уюштурулган окуу жайлардын (ИТЭИ, ТИПФ, ТАК жана №111 КЛ) арасындагы студенттердин спорттук спартакиадасына активдүү катышышты. Спартакиада спорттун 5түрү: волейбол, кол күрөш, стол тенниси, мини футбол жана аркан тартыш боюнча өткөрүлдү. Спартакиаданын жыйынтыгында волейбол боюнча институттун кыздар командасы  II-орунду, стол тенниси боюнча эркектер арасындагы таймашта ИЭК-1-21 тайпасынын студенти Зарылбеков Байэл 1-орунду камсыздады.

Студенттер арасындагы спорттук спартакиаданын уюштуруучуларына институттун атынан ыраазычылык билдирип кетебиз.