“Табигый илимий билим берүү багытынын БГ-2-3-21 тайпаларын студенттерин “Адаптациялык-педагогикалык” практикасына жөнөтүү боюнча  конференция өткөрүлдү.

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун  “Табигый илимий билим берүү багытынын БГ-2-3-21 тайпаларын студенттерин “Адаптациялык-педагогикалык” практикасына жөнөтүү боюнча  конференция өткөрүлдү.

Конференция учурунда студенттерге бул практика теориялык билимдерди практика менен айкалыштыруу, практиканын негизги максаты, бөлүнгөн базалык мектептердин ички тартипти сактоонун  эрежелери. Практика боюнча отчет тузүүнүн жолдору жана талаптары боюнча кеңири маалыматтар берилди. Конференциянын жүрүшүндө студенттерге практиканын  күндөлүктөрү  жана  жол картасы  тапшырылды.

ИТЭИнин практика боюнча жооптуусу Д.А. Бакиева жана бекитилген жооптуу окутуучулар студенттерге практиканын ийгиликтүү өтүшүнө тилектиштигин билдиришти.