Талас мамлекеттик университети менен ИТЭИнин ортосунда илимий, окуу, маданият жана академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташуу келишими түзүлдү.

                   2023-жылдын 8-июнунда Талас мамлекеттик университети (Тал МУ) менен Инновациялык технологиялар жана энергетика институттун  ортосунда илимий, окуу, маданият жана академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташуу келишими түзүлдү. Тал МУнун ректорунун  м.а.ф.и.д., профессор Жумалиев Самат Субанкулович өз сөзүндө институт менен болгон байланыш дагы да географиялык жактан кеңейүү менен алдыда биргелешкен көптөгөн ийгиликтер болорун белгилеп кетти.

                  Ошондой эле  Талас мамилекеттик университетинде – КРнын Эл мугалими, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР УАИнын мүчө – корреспонденти, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, илимий мектептин негиздөөчүсү, п. и. д. , профессор Исак Бекбоевге арналган “ И. Бекбоевдин VI – окуулары: билим берүүнүн заманбап моделинин көйгөйлөрү: актуалдуу маселелер, жетишкендиктер жана инновациялар” аттуу илимий – практикалык конференция өткөрүлдү.

     

               Конференцияга институттан п.и.к. Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна жана  х. и. к. Барпыбаев Турдумамбет Рысбековичтер баяндама жасашып, сертификаттарга ээ болушту.