Усулдук иштелмелердин түрлөрү,түзүлүшү жана аларды даярдоонун талаптары
2026-жылдын 22-апрелинде Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда профессордук-окутуучулар курамы үчүн Усулдук кеңеш тарабынан “Усулдук иштелмелердин түрлөрү,түзүлүшү жана аларды даярдоонун талаптары” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда учурдагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууда усулдук иштелмелердин ролу, аларды иштеп чыгуудагы түзүүчүлөр тарабынан маанилүү, өзгөчө эске алынуучу жагдайлар, аларга коюлган талаптар талкууланды. Ошондой эле институттун Усулдук кеңешинин төрайымы Сарыгулова Кумаркан Төлөгөновна тарабынан окутуучулар тарабынан аткарылган усулдук иштер боюнча маалымат берилди.
