Жогорку окуу жайлар арасында спорттук иш-чара өткөрүлдү.

2023-жылдын  2-мартында  Инновациялык технологиялар жана  энергетика институту (ИТЭИ), Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик- педагогикалык факультети (ТИПФ) жана Таш-Көмүр аймактык колледжи (ТАК) тарабынан  студентеринин ортосунда  23-февраль “Ата Мекенди коргоочулар” жана 8-март “Аялдардын эл аралык майрамына” карата спорттук иш-чара уюштурулду.

Спорттук иш-чарада төмөнку оюндар ойнотулду:

*Волейбол

*Теннис

*Кол курөш

 Жыйынтыгында волейбол боюнча ИТЭИнин  кыздар командасы  1-орунду, балдар командасы 2-орунду ээлешти. Ошондой эле теннис боюнча  Зарылбеков Байэл II орун , Жакыпбекова Назбийке II орун, Орозова Бермет III  орунга  татыктуу болушту.

ИТЭИнин Ректордук фонду тарабынан акчалай сыйлыктар да берилди.