Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда 550700 «Педагогика» багытынын “Адаптациялык-педагогикалык” практика боюнча отчеттук жыйынтык чыгарылды.

2023-жылдын  – майында ИТЭИнин “Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасында ИПД-1-21 тайпасынын студенттери үчүн 2023-жылдын 3-апрелинен 22-апрелине чейин болгон “Адаптациялык-педагогикалык” практиканын (3 жумалык) жыйынтыгы боюнча отчеттук конференция уюштурулду. Студенттер практиканы  Таш-Көмүр шаарынын жана жакынкы аймактарындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде  (Аксы, Ноокен, Токтогул жана Ала-Бука райондоруна) өтөп келишти. Конференцияда студенттердин “Адаптациялык-педагогикалык “ практиканын жүрүшүндөгү иш-аракеттери, алган тажрыйбалары, практиканы өтөөдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу талкуу жүрдү.  Ошондой эле практика учурундагы ийгиликтер жана көйгөйлөр тууралуу да ой-пикирлер менен бөлүшүшүп, сунуштарын айтышты.

Конференциянын жүрүшүндө өтүлгөн практиканын жыйынтыгын чыгаруу да болду.