Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун “Экономика жана информатика” кафедрасы тарабынан квалификациялык жумуш алдындагы  практикасына арналган  конференция уюштурулду.

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун “Экономика жана информатика” кафедрасынын практика жетекчилери тарабынан  ИЭК-1-20 тайпасынын студенттерине квалификациялык жумуш алдындагы  практикасына арналган  конференция уюштурулду. Конференциянын жүрүшүндө практиканын мааниилүүлүгү, программасы тууралуу, аткарылуучу иштер боюнча талкуу жүрдү. Студенттер тарабынан берилген суроолорго практика жетекчилери жооп беришип, талкуу жагымдуу маанайда өттү.